Парламент комитети Жылдыз Полотованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Жылдыз Полотованын талапкерлигин жактырды.

Полотованын талапкерлиги комитеттин бүгүн, 10-июндагы жыйынында талкуусуз жактырылды. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралат.

Белгилей кетсек, 7-июнда Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган болчу.

Буга чейин аталган кызматты Гүлнара Баатырова аркалап келген. Ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан