Дүйнөдөгү эң ылдам адам бутунан жаракат алды

Лондондо өткөн "Soccer Aid" аттуу кайрымдуулук беттешинде спринт боюнча 8 жолку Олимпиада чемпиону Усэйн Болт жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Кечээ, 9-июнда "Стэмфорд Бридж" стадионунда өткөн Англия - Дүйнө курамасы беттешинде 37 жаштагы жөө күлүк топко жетүүгө аракет кылып жатып жыгылган. Аны талаадан дарыгерлер бутун таңып, көтөрүп чыгып кетишкен.

Бул беттеште Болт Дүйнө курамасынын курамында капитан катары талаага чыккан.

37 жаштагы Болт 2009-жылы Берлинде өткөн Дүйнөлүк чемпиондукта 100 метрди 9,58 секундда чуркап өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон. Ямайкалык жөө күлүк дагы 11 жолку дүйнөнүн чемпиону болгон (эркектер арасында бул мелдештин тарыхындагы рекорд).

Болт 2017-жылы жеңил атлетикадан кеткен. 2018-жылы ал футболдо күчүн сынап, Австралиянын "Сентрал Коаст Маринерс" командасы менен эки жолдоштук беттеш өткөрүп, анда эки гол киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан