Чет мамлекеттерде эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын саны айтылды

Чет өлкөлөрдө 657 миң кыргыз жараны эмгектенип жүрөт. Бул тууралуу Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы чет мамлекетте эмгектенген кыргыз жарандарынын саны 836 миңден ашык болгон.

"Орусияда 2022-жылы 587 миң болсо, азыркы убакта 411 миңден бир аз ашык. Биздин байкоо боюнча, Араб өлкөлөрүндө биздин жарандардын саны 100 миңден ашты. Андан тышкары Кореяда (сөз Түштүк Корея жөнүндө) мурда 8 миңден ашык болсо, азыр 15 миңге жетип калды" , - деди Кадыров.

Ошондой эле ал Европага кеткен эмгек мигранттарынын агымы өсүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан