"Экзамениңизде отурган жокмун". Парламентте депутат менен министр айтыша кетишти

Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Чыңгыз Ажыбаев менен экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин ортосунда кайым айтышуу болду.

Ажыбаев Баткен облусу боюнча жол картага каражат жетпей жатканын белгилеп, 1,5 миллиард сомго көтөрүү сунушу четке кагылганын айтты.

"Долбоорлорду карасак акча каражат жетпейт. Мен 1,5 миллиард сомго көтөрөлү деп мыйзам долбоорун киргиздим эле, Акылбек Үсөнбекович Финансы министрлиги экөө өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн артка кетирди", - деди ал.

Экономика министри Баткенге өз убагында каражат бөлүнүп жатканын айтып, эл өкүлүнөн этиканы сактоону суранды.

"Чыңгыз Ильяскожоевич, Чолпон Аалыевна, этиканы карайлы. Кайсы өз кызыкчылыктарын көрүп жатат? Баарыбыз тең Баткен деп турабыз. Акча каражаттары өз убагында бөлүнүп жатат", - деди Амангелдиев.

Андан ары кайым айтышуу уланып, министр депутатка: "Мен сиздин экзамениңизде отурган жокмун, мага экзамендегидей суроо бербеңиздер", - деп жооп берди.

Буга ачууланган эл өкүлү: "Бул министрдин өзүнүн этикасын караш керек. Болбосо залдан чыгарып салгыла", - деди.

Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова ортого түшүп, тараптарды сый мамилеге чакырды.

Жогорку Кеңеш 11.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан