Башкы прокуратура майыптыгы бар аялдарга чегерилген акчаны ким жегендигин айтты

Бишкекте майыптыгы бар адамдарга бөлүнгөн акча каражаттарын ыйгарып алган кызматкерлерге карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында бүгүн, 11-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, Октябрь районунун прокуратурасы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде текшерүү иштерин жүргүздү.

“Министрликтин тийиштүү жооптуу кызматкерлери “М.А.Р.К.К.А.” коомдук бирикмесинин жетекчиси менен биргелешип, майыптыгы бар аялдарды окутуу жана жумушка орноштуруу багытындагы долбоорду ишке ашырбай, мамлекеттен бөлүнгөн акча каражатын жеке кызыкчылыктарга пайдаланган. Мамлекетке жалпысынан 1 миллион 440 миң сомдук материалдык зыян келтирилген”, - деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан