Бюджеттен 7 миллион сом бөлүнгөн. Жалал-Абаддагы "Алтын балалык" лагерине жаңы коттедждер курулууда

Жалал-Абаддын Сузак районунун Кара-Алма айылында жайгашкан "Алтын балалык" лагерине 4 жаңы коттедж курулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, коттедждерди куруу иштерине жергиликтүү бюджеттен 7 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, аталган лагерь Жалал-Абад мэриясынын балансында жана жалпы 120 орунга ылайыкташкан. Ага жыл сайын шаардагы аз камсыз болгон, ата-энесинен ажыраган жана майыптыгы бар балдар акысыз эс алууга жиберилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан