Баткенде аёосуз сабалды делген ымыркай боюнча милиция маалымат берди

Социалдык тармактарда тараган, катуу токмоктолуп, эс-учун жоготкон кызды эки күндөн кийин гана ооруканага алып барышканы, ал дагы деле эсине келе албай жаткандыгы тууралуу маалыматка Баткен облустук милициясы жооп берди.

Маалыматка ылайык, 7-июнда саат 9:19 чамасында Баткен облустук ооруканасынын Сыныктар бөлүмүнүн дарыгери милицияга телефон аркылуу байланышып, Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын тургуну, 2 жаштагы А.М. аттуу наристе эс-учун жоготкон абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендигин билдирген.

Аталган факты боюнча ошол эле күнү тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүү учурунда Жаңы-Жер айылынын тургуну 32 жаштагы А. кызы А.нын мурдагы турмушунан төрөлгөн кызы, 2022-жылы туулган А.М. церебралдык шал оорусу (ДЦП) менен төрөлүп, буттары алсыз болуп баспагандыгы, быйыл май айынын башында апасы Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Ж.Т.га турмушка чыгып, алар чогуу жашап жүрүп, баса албаган 2 жаштагы кызды ордунан тургузуп, бир канча ирет бастырууга аракет кылышып, бирок жаш бала баса албай жерге баш тарабы менен бир канча ирет кулагандыгы, ошондой эле 7-июнда Ж.Т. наристени бастырууга аракет кылып жаткан учурда кыз тилин тиштеп эс-учун жоготуп койгондуктан, жубайы экөө бөбөктү ооруканага жеткиришкендиги аныкталган.

Учурда кыздын денесиндеги алган жарааттардын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы күтүлүүдө. Ал эми кыздын апасы менен атасы бул боюнча милицияга арыз менен кайрылган эмес.

Мындан сырткары наристени кабыл алган дарыгерлерди жана күбөлөрдү сурамжылоо учурунда кыздын ата-энеси тарабынан бир канча жолу бастырууга аракет кылышкан учурда жерге кулап, башынан ар кандай жарааттарды алып, жаш бала ошондон улам талмасы (эпилепсия) кармап, ооруканага жеткирилгендиги, ага карата кимдир бирөөлөр тарабынан зордук-зомбулук аракеттер же уруп сабоолор болбогондугу аныкталган.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан