ИИМ: Криптовалюталарды уурдоого байланышкан трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Бүгүн, 13-июнда Ички иштер министрлиги криптовалюталарды уурдоого байланышкан трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, бир нече кибер кылмыш ишинин бети ачылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери алмаштырып беребиз деп алдоо жолу менен криптовалюталарга ээлик кылып кеткен кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныкташты. Криптовалютаны сатуу жана сатып алууга жамынып, алдамчылык жолу менен белгисиз адамдар ири көлөмдөгү санариптик активдерге ээ болушкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө үч шектүү жаран кармалды.

"Жабырлануучулар автоунааларды сатуу менен, же WhatsApp, WeChat, Telegram мессенджерлери аркылуу ар кандай валюталарды (доллар, юань) алмаштыруу менен алектенишип жүрүшкөн. Ал эми алардын кыймыл аракетин, ошол эле мессенджерлерде кара ниет адам сыртынан байкап, көзөмөлдөп жүргөн. Кийин аларды алдап кетүүнү көздөп, WhatsApp виртуалдык номерлерден байланышка чыгып, унааларды сатууну же сатып алууну сунуштап, же криптовалютасынын чоң суммасын накталай акчага алмаштырууну сунуштап, ишеничке кирген.

Жабырлануучуларга ишеничке киргенин түшүнүп, карасанатай оюн ишке ашырынуу көздөп, "үч бурчтук" схемасын колдонгон, ар бири пайдалуу шарттарда өз пайызын алышмак. Бирок крипто капчык каражаттарды алгандан кийин, ал мурун жазган билдирүүлөрүн өчүрүп, изин жашырып кеткен", - деп айтылат билдирүүдө.

Иликтөөнүн жүрүшүндө уурдалган крипто активдердин жайгашкан жерлери аныкталып, турган даректер боюнча аларды сактап калууга мүмкүн болду.

"Милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн аныктап, аларды кармашты. Кармалгандардын жашаган дареги боюнча тинтүү жүргүзүлүп, ал жактан 21 блоктон турган Сим-бокстор, Кыргызстандын уюлдук компанияларынын көптөгөн СИМ карталары, флеш-карталар, хард дисктер, системалык блоктор, “Страж” үлгүсүндөгү тапанча, уюлдук түзүлүштөр, ноутбук жана банк карталары табылган. Сим-бокс (SimBox) - бул уюлдук байланыш тармагын алдап, эл аралык чалууларды жергиликтүү катары көрсөтүү үчүн колдонулган түзүлүш", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам тергөө аракеттер жүрүп жатканы кошумчаланды.

Видео: ИИМ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан