Владимир Путин Украина менен сүйлөшүүлөрдүн шартын атады

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууда Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн шарттары тууралуу айтты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Путин Украин аскерлери Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсондун бардык аймагынан чыгарылса гана Орусия сүйлөшүүгө даяр экенин белгилеген.

"Украина аскерлери Донецк, Луганск элдик республикаларынан, Херсон жана Запорожье облустарынан толугу менен чыгарылып кетиши керек. Ошондой эле Украина НАТОго кирүү пландарынан баш тартуу жөнүндө расмий түрдө билдирери менен, ​​биз тараптан дароо ошол эле мүнөттө ок атышууну токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштоо буйругу чыгат", - деди Путин.

Путин ошондой эле Киевде мындай чечим кабыл алынса аталган аймактардан украин аскерлеринин тоскоолдуксуз жана коопсуз чыгарылышына Орусия кепилдик берерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан