"Имамга дагы баш ийишпей". Ростовдогу абакты басып алгандар жок кылынды

Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын Ростов облусундагы №1 СИЗОсунда адамдарды барымтага алган кылмышкерлер жок кылынды. Бул тууралуу Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы билдирди.

"Жаза аткаруу кызматынын Ростов облусундагы №1 СИЗОсунда барымтадагыларды бошотуу боюнча атайын операциянын жүрүшүндө кылмышкерлер жок кылынды", - деп айтылат орус департаментинин Telegram каналында.

Ошондой эле алар барымтага алынган кызматкерлер бошотулганын, кызматкерлер эч кандай жабыркабаганын билдирген.

Өз кезегинде BAZA телеграм каналы аларга алгач жергиликтүү имам сүйлөшүүгө киргизилгенин, кылмышкерлер имамга дагы баш ийбегендиктен атайын операция башталып, алар жок кылынганын жазды.

Бүгүн, 16-июнда таңга жуук Ростовдогу абакта туткундар кызматкерлерди барымтага алып алышкан. Алар андан кийин курал-жарак жана абактан чет мамлекетке чыгып кетүү үчүн унаа талап кылып, ультиматум коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан