Элдик Кабар: "Кулаарына аз эле калды". Шаар тургуну көпүрө алдындагы жолдун абалынан кооптонууда (видео)

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган окурманыбыз Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары көчөсүндө жайгашкан көпүрө астындагы жол жарандар үчүн кооптуу абалда экенин айтып, жеринен тартылган видео менен бөлүштү.

"Жолдун капталындагы бетон шыбактар суу тийип көөп, урап жатат. Кулаарына аз эле калды. Бул жол менен окуучулар дагы өтүшөт. Тийиштүү органдар тезинен чара көрбөсө, өтө кооптуу абалда. Эртең бирөө кырсыктап, жабыркабашы керек", - деди ал.

Ошондой эле шаар тургуну жарандар өтө турган жол тар салынганын айтып, тийиштүү органдар оңдоо иштерин жүргүзсө дейт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

17.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан