Орусиянын Кыргызстандагы элчиси алмашты

Владимир Путин Кыргызстандын жаңы элчиси кылып Сергей Вакуновду дайындады. Ал эми мурунку элчи Николай Удовиченко бул кызматтан бошотулган. Тиешелүү жарлык укуктук актылардын расмий порталында жарыяланган.

"Николай Удовиченко Орусиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин милдеттерин аткаруудан бошотулсун. Вакунов Сергей Иванович Орусиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалсын", - деп жазылган тиркемеде.

Буга чейин Сергей Вакунов Орусиянын президенттик аппаратында иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан