Өзгөндө тоого барып, селден улам кете албай калган 100 адам эвакуацияланды (видео)

Өзгөндө сел жүргөн кооптуу аймактан 100 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-июнда саат 19:00 чамасында Мырза-Аке - Кара-Шоро жолунун 47-50-чакырымында жолдун тескей тарабынан кыян түшүп, натыйжада жол каттамы жабылган. Жеринде атайын техника тартылып, медициналык кызмат, жол тейлөө кызматтары баш болуп иш алып барууда.

“Кара-Шоро" улуттук паркына эс алууга барып, сел кырсыгынан улам өтө албай калган 100 адам 23-июнда куткаруучулар жана Жол тейлөө кызматы тарабынан коопсуз жайга эвакуациялынды.

Видео: ӨКМ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан