Түштүк Кореядагы заводдо каза болгон 20 мигрант кайсы өлкөнүн жарандары экени айтылды

Сеулдун шаарынын түштүгүндөгү Хвасон шаарындагы аккумулятор заводунда чыккан өрттөн кеминде 22 адам, анын ичинде 20 чет элдик жаран каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Өрт Сеулдан 45 чакырым түштүктө жайгашкан Хвасон шаарындагы литий батареяларын чыгаруучу "Aricell" заводунда саат 10:30дар чамасында башталган. Саат 15:10дордо негизги өрт чектөөгө алынгандан кийин өрт өчүрүүчүлөр дайынсыз жоголгон адамдарды издеп имаратка киришкен.

Өрт өчүрүүчүлөр бул окуя химиялык ишканада болгон эң коркунучтуу кырсык болгонун айтышкан. Каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Заводдун бир кызматкери дайынсыз жоголгон.

Каза болгондордун арасында 20 чет элдик: 18 кытай жараны, бирөө Лаос жана дагы бир адамдын жарандыгы белгисиз.

Каза болгондордун баары заводдун үчүнчү корпусунун экинчи кабатынан табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан