Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кезексиз жыйынга чогулду. Жыйында биринчи маселе катары Улуттук банктын төрагасы кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлиги каралып, колдоо тапты.
Тургунбаев бүгүн жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулган болчу. Ал аталган министрликти 2023-жылдын март айынан бери жетектеп келген.
Белгилей кетсек, 24-июнда Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев ээлеген кызматынан бошотулганы белгилүү болгон. Жогорку Кеңеш бүгүн аны кызматтан бошотууга макулдук берди.