Жалал-Абадда Тажикстандан Өзбекстанга баңгизат өткөрүүгө аракеттенген жарандар кармалды

Жалал-Абад облусунда эки жаран баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда УКМКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга баңгизат ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду.

24-июнда Ноокен районунун Бобуй айылында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, У.М. жана Б.Х аттуу Ош облусунун тургундары кармалды. Алар Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу жалпы салмагы 2,4 килограмм болгон "Ооган чарсы" аталышындагы гашишти ташып өтүүгө аракеттенген.

Учурда аталган баңги каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Видео: УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан