Киевдеги "Хилтон" мейманканасында АКШ элчилигинин атташесинин сөөгү табылды

25-июнь күнү эртең менен Киевдеги "Хилтон" мейманканасында АКШ элчилигинин атташесинин сөөгү табылды. Бул тууралуу украиналык "Страна.ua" басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып билдирди.

"Кечээ саат 11:00 чамасында АКШ элчилигинин атташесинин жансыз денеси мейманкананын бөлмөсүнөн табылган. Сөөктөн зомбулуктун белгилери табылган эмес. Ал киши Украинага 15-июнда келген. АКШ элчилиги берген медициналык көрсөткүчтөр боюнча, анын канында холестериндин деңгээли жогору болгон", - деп жазылат анда.

“Украинская правда” укук коргоо органдарындагы булакка таянып, атташенин өлүмү табигый себептерден улам болгонун кабарлады. АКШ элчилиги маркумдун аты-жөнүн ачыктоодон баш тартты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан