Кыргызстанда балыкты жана этти кайра иштеткен завод курулат

"ЭКСПО Кытай-Евразия" алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ишканалары арасында кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Иш-чара кечээ, 26-июнда болгонун Айыл чарба министрлиги билдирди.

Ага ылайык, төмөнкү меморандумдарга расмий түрдө кол коюлду:

«Аква- сервич» ЖЧК (КР) – Xinjiang Koulekoufu Import And Export Trade Co.Ltd (КЭР);
«ЭФТАР Агро Комплекс» ЖЧК (КР) – Tianhuan ECO International Economy & Trade (Nanjing) Co., Ltd (КЭР);
«Аква Пром» ЖЧК (КР) – Yining Agricultural and Commercial Investment (Group) Co., Ltd, (КЭР);
«Торо» ЖЧК (КР) – CHANGSHU SILK ROAD IMPORT EXPORT, TRADE СО., LTD(КЭР)

Документ Кыргызстанда "асан-үсөн форелин" өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча заводдорду курууга багытталган.

"Ошондой эле Кытайдын айыл чарба продукцияларын мындан ары экспорттоо үчүн стандарттарга ылайык келген уй этин, бодо малдын кошумча продуктуларын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча заводду курууга багытталган" деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан