ТИМ Алматыда көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулаган кыз тууралуу билдирүү таратты 

Министрлик социалдык тармактарда "Алматыда кыргызстандык кыз терезеден кулап, каза болду" деген маалыматка байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-июнда саат 06:50 чамасында 2007-жылы туулган У.К. аттуу Кыргыз жараны Алматы шаарынын Сейфуллина №31/50 көчөсүндө жайгашкан үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулап, кырсыктан алган оор жаракатынан улам каза болгон. Ал Алматы шаарына тууганы менен 21-майда барган.

"Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери маркумдун туугандары менен байланышта. Учурда маркумдун сөөгүн алып чыгууга компетенттүү органдардан уруксат алынды. Ал эми кыздын сөөгүн "Жүк 200" аркылуу Кыргызстанга жөнөтүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Алматыда кыргызстандык кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинде бийлеп жатып кулаган деген видео социалдык тармактарда тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан