"Яндекс такси" депутат Жанар Акаевдин билдирүүсүн жокко чыгарды

Кечээ, 27-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Яндекс Go сервисинин жогорку комиссиясы жана Кыргызстандын такси рыногундагы компаниянын монополиялык абалы жөнүндө айткан.

Бул боюнча Яндекс Go компаниясына кайрылганыбызда депутаттын айткандарын четке кагышты. Компания Кыргызстанда сервистин комиссиясы 10 пайыздан башталарын баса белгиледи.

"Сервистин комиссиясы Кыргызстанда 2023-жылдын февраль айынан бери өзгөргөн жок. Ал шаарлар жана тарифтер боюнча айырмаланат. Азыр Кыргызстанда сервистин комиссиясы 10 пайыздан башталат, борбор шаардагы эң жогорку тарифтин комиссиясы КНС жана САС салыктарын кошуп алганда 17 пайыздан ашпайт. Анын үстүнө, сервисте өнөктөштөр жана алардын айдоочулары үчүн кирешесин жогорулатууга мүмкүндүк берген мотивациялык программалар үзгүлтүксүз иштейт.

Кыргызстандын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы «Яндекс такси» сервисин быйыл жазында рыноктогу үстөмдүк кылуучу абалга ээ компаниялардын тизмесине кошкону чындык. Эгерде бул чечим мыйзам бузуулар менен кабыл алынган болсо, анда компания ал боюнча даттанууга укуктуу.

Ошол эле учурда, азыр "Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен соттошуу жүрүп жатат" деген билдирүү чындыкка туура келбейт. "Компания рынокту монополия кылып алды, ал ушул тармактагы жалгыз оюнчу" деген тастыктоо дагы эч кандай чындыкка дал келбейт. Сервис кыргызстандык юридикалык жак тарабынан көрсөтүлөт", - деп билдиришти аталган компаниядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан