Садыр Жапаров ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун катчылыгынын учурдагы ишмердүүлүгү, уюмдун алкагында кызматташуунун бардык багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги тууралуу айтып берди.

Ошондой эле ал Азербайжанда өтүүчү ТМУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна карата даярдык иштери тууралуу маалымат берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан