25-декабрда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -10°C
Талас облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -15°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +3°C, түнкүсүн -10°C
Баткен облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -10°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -10°C
Нарын облусу. Күндүз -13°C, түнкүсүн -25°C
Бишкек шаары. Күндүз +1°C, түнкүсүн -9°C
Борбор калаада 1976-жылы дал ушул күнү абанын температурасы түнкүсүн -28.0°C болгон.