Казакстандан атайын рейс менен Ноокатта селден жабыркагандарга гуманитардык жардам келди 

Кечээ, 30-июнда Казакстандан атайын рейс менен гуманитардык жардам Ош шаарынын аэропортуна келди. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, селден жабыркаган ноокаттыктарга келген гуманитардык жардам турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана азык-түлүктөрдөн турат.

Эске салсак, 28-июнда Ноокаттын Абшыр-Ата айылында сел жүргөн. 29-июнда Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында калган 1300дөн ашуун адам коопсуз жайга чыгарылды.

Ноокат районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилген.

Ноокаттагы селден каза болгондордун саны тогуз кишиге жетти. Учурда аталган аймакта селдин кесепеттерин жоюу жана үйлөрдү тазалоо иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан