Жапаров селден жабыркагандарга акча чогултуунун кажети жоктугун айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ноокаттагы селден жабыркагандарга өз алдынча акча чогултуунун кажети жок экендигин айтты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымдады.

“Мындай учурда мекенчилдик сезим ойгонуп, кыргыздын бириге калган жакшы касиети бар. Социалдык тармактар аркылуу азык-түлүк, каржылык жардамдарды чогултуу демилгесин көтөрүп, ар ким өз алдынча эсеп ачкандарды көрүп жатабыз. Сиздерге кайрылганыбыздын себеби: ар кимдин өз алдынча акча каражаттарды чогултуунун кажети жок. Мындай учурдан алдамчылар да пайдаланып кетүүсү толук ыктымал”, - деп жазылат кайрылууда.

Ошондой эле Акылбек Жапаров адам күчү же техника менен кол кабыш кылуу ниети бар жарандар Оштогу штабга кайрылса болорун кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан