Бишкек ЖЭБге жаңы директор дайындалды

Нургазы Курманбеков Бишкек Жылуулук электр борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖЭБдин мурдагы жетекчиси Алпбек Садыров кызматтан өз арызы менен кеткен.

Нургазы Курманбековдун эмгек жолу:

  • 2007-2013-жылдары 2-категориядагы инженер, 1-категориядагы инженер, "Электр станциялары" ишканасынын жабдууларын эксплуатациялоо боюнча жетектөөчү инженери;
  • 2014-2016-жылдары Бишкек Жылуулук электр борборунун башкы инженеринин орун басары;
  • 2017-2018-жылдары Бишкек Жылуулук электр борборунун башкы инженери;
  • 2018-2021-жылдары Бишкек Жылуулук электр борборунун башкы инженеринин орун басары;
  • 2021-2022-жылдары Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунун директору;
  • 2022-2023-жылдары "Электр станциялары" ААКсынын жабдууларды эксплуатациялоо кызматынын жетектөөчү инженери.

Курманбеков Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин энергетика факультетин аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан