Бүгүн, 2-июлда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы чокулардын бирине БУУнун аты ыйгарылганын белгилеп, баш катчы Антониу Гутерришке сертификат тапшырды.
Тактап айтканда, президенттин 1-июлундагы жарлыгына ылайык, Ысык-Көл облусунун Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагындагы бийиктиги 5576 метрге жеткен аты жок чокуга “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталыш ыйгарылды.