
Ноокат районунунда 28 турак үй сел калдыктарынан толугу менен тазаланып бүттү. Бул маалыматты ӨКМ билдирди.
Учурда райондун Абшыр-Ата айылында ӨКМдин 9 техникасы, Теске-Кожоке айылында 3 техника, Ак-Өтөк айылында 2 техника тартылып, сел калдыктарынан тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары №37 ишканасынын 4 техникасы менен жолдорду калыбына келтирүү жумушу жүрүүдө.
Белгилей кетсек, аталган аймактагы селдин кесепетинен каза болгондордун саны 10 кишиге жеткени кабарланды.