Жылнаама. 25-декабрь: 36 жыл мурун белгилүү актёр Чарли Чаплин 88 жаш курагында көз жумган

*1642-жылдын 25-декабрында англиялык окумуштуу Исаак Ньютон жарык дүйнөгө келген. Ал атактуу математик жана астроном, физика илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. Исаак Ньютон 1727-жылдын 20-мартында өз мекенинде каза болгон.

*Мындан 36 жыл мурун, тактап айтканда, 1976-жылдын 25-декабрында англиялык актёр, композитор жана режиссёр Чарли Чаплин 88 жаш курагында көз жумган. Аны акыркы сапарга салтанат менен узатышкан. Бирок андан көп өтпөй сөөгү белгисиз адамдар тарабынан казылып алынып, алар актёрдун туугандарынан акча талап кылышкан. Көрсө, Чаплин ушул сымал окуя болорун сезгенсип, бир жыл мурун аялына “мени уурдап кетип, акча талап кылышса, төлөбө” деген экен. Кылмышкерлер кармалып, анын сөөгү кайра жерге берилген.

*Мындан 24 жыл мурун ди-джей Расул Мырзатегин Талас облусунун Манас районунда жарык дүйнөгө келген. Ал 2012-жылдын 7-октябрь күнү кесиптеши Махабат Жумабек кызына баш кошкон.

*1991-жылдын 25-декабрында АКШ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик эгемендүүлүгүн тааныган.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан