"Азия Моллдо" күзөтчү менен мушташкан депутат Чыңгыз Ажибаев билдирүү жасады

Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунда күзөтчү менен мушташа кеткен Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев окуя боюнча билдирүү жасады.

Анда эл өкүлү бул окуя боюнча коомчулуктан кечирим сурап, күзөтчү менен элдешкенин баса белгиледи.

"Мындан 20 күн мурда Бишкектеги соода борборлорунун биринен чыгып бара жатып, ал жерде турган күзөтчүлөр менен араздашуу болуп кеткен. Бүгүн интернетте окуя боюнча талкуу болуп жаткандыгына байланыштуу түшүндүрмө берип кетейин.

Ал жерден чыгып бара жаткан кезде күзөт кызматкери унаага жакын туруп алып, жаман сөздөр менен сөгүнгөндөн улам чырдаша кеттик. Унаада кичинекей наристем менен келинчегим бар болчу. Алардын көзүнчө уят сөздөрдү угуп, чыдап отура алган жокмун. Унаадан түшүп, "машинеден ары тур” деп түрттүм. Ал дароо белимден кармап, жерге жыгып, бир азга алыша кеттик. Карап тургандар ажыратып коюшту. Мен окуядан кийин милицияга арыз жазганмын.

Урматтуу коомчулук! Мындай жагымсыз окуяга туш болгонум өзүмө дагы ыңгайсыздык жаратып турат. Алардын уятсыз сөздөрүн укканыма карабай, сабыр кылып, кетип калсам деле болмок экен. Бирок, болор иш болду, биз пендебиз, уруша кетет экенбиз. Сиздерге туура эмес үлгү көрсөткөн болсом кечирим сураймын. Ал эми чагымчылдык кылып, мага карата күч колдонгон күзөтчүлөр кийин кечирим сурап келишти. Жазган арызымды кайра кайтарып алып, элдешкенбиз", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

Эл өкүлү Чыңгыз Ажибаев соода борборлордун биринин кароолчусу менен мушташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан