ТИМ Орусияда Кыргыз жаранынын кармалышы боюнча маалымат берди

Тышкы иштер министрлиги Орусияда Т.А. аттуу Кыргыз жаранынын кармалышы жана анын бир жаштагы наристесинин балдар мекемесине берилиши боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык, 28-июнда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Москванын Тушинский районундагы Тергөө башкармалыгына барышып, тергөө тобунун улук тергөөчүсү менен жолугушкан. Анда келинге козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иштин материалдары сотко жөнөтүүгө даярдалып жатканы маалым болгон.

Ошондой эле элчилик Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгү менен биргеликте кармалган келиндин баласын жакын туугандарына өткөрүп берүү маселеси боюнча иш жүргүзгөн.

Учурда наристе Кыргызстанда атасынын жанында экендиги айтылат маалыматта. Ал эми кармалган Т.Анын иши Тышкы иштер министрлиги менен элчиликтин көзөмөлүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан