Англисче түш жоруган аксылык апа: "Туристтер аябай ыраазы болуп кетишет"

Буга чейин интернетте "англисче түш жоруган аксылык апа" аталышындагы видео жарыяланган. Анда Сабира апанын айылга келген туристтерге англис тилинде маалымат берери айтылган болчу.

Сабира апага байланышып, туристтерге жасаган мамилеси, ишкерлиги жана алдыдагы пландары тууралуу сүйлөштүк.

Сабира Коешова Жалал-Абад облусунун Акысы районуна караштуу Аркыт айылында жашайт. Мектепте 35 жыл англис тили мугалими болуп иштеген агартуучу учурда ардактуу эс алууда.

"35 жыл мектепте иштедим. Азыр ардактуу эс алуудамын. Үйүм жолдун жээгинде жайгашкан. Келген бирин-серин туристтерди үйүбүзгө кабыл алабыз. Бул учурда беш бөлмөлүү үйүбүздү бошотуп, өзүбүз времянкада жашап турабыз.

Туристтер келгенде алар менен сүйлөшө берем. Алар сүйүнүшөт. Ал үчүн акча албайм. Эгер туристтер үйүмө бир күн калып кете турган болсо, жайына жана тамак-ашы үчүн гана акы алабыз. Тамактарды келиним жасап берет.

Мага Фейсбук тармагы аркылуу көп кайрылышат. Маалыматты көрүп калгандар Бишкектен, Оштон чыкканда байланышат. Аларга жолду түшүндүрүп берем. Мындан тышкары туристтер көйгөйлөрү болсо, айтып калышат. Аны чечүүгө жардам берем. Буга чейин Америкадан, Англиядан, Австралиядан, Франциядан дагы келип кетишти. Бүгүн Индиядан бир жаран келди. Туристтер аябай ыраазы болуп кетишет.

Көп туристтерди кабыл ала турган шарттар жок азырынча. Бирок алдыда боз үй куруп, көп сандаган туристтерди кабыл алсакпы деген пландар бар. Жерибиз тар болуп жатат, бирок аракет кылабыз", - дейт Коешова.

Айтымында, айылда англис тилинде сүйлөгөндөр жокко эсе, буга байланыштуу келген туристтер Сабира апага ыраазычылык айтып кетишет.

05.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан