"Таттуу түгөйлөр". Евро-2024 футболчуларынын сүйүктүүсүн көрдүңүз беле? (фото)

Учурда футбол боюнча 2024-жылкы Европа чемпиондугу кызуу жүрүүдө. Аталган чемпиондук 14-июнда Германияда башталды.

SUPER.KG порталы Евро-2024төгү белгилүү футбол жылдыздарынын сүйүктүүлөрүнүн сүрөттөрүн тизмектейт.

1. Жорджина Родригес – Криштиану Роналдунун жубайы

Жорджина Родригес – испаниялык бийчи, модель. Ал 1994-жылы Аргентинада төрөлгөн. Родригес белгилүү бренддердин жарнамаларына түшүп, социалдык медиада өзүн активдүү көрсөтөт.

Португалиянын чабуулчусу Криштиану менен Жорджина 2016-жылдан бери мамиле куруп, 2017-жылы кыздуу болушкан. Түгөйлөрдүн үлпөт тою Марокко шаарында жабык форматта өткөн. Учурда алардын эки кызы бар.

2. Ница Тавадзе Хвича Кварацхелиянын жубайы

Өткөн жылы октябрда грузин футболчусу Хвича Кварацхелия Ница Тавадзеге үйлөнгөн. Тавадзе жылдыздуу чөйрөдөн алыс. Ал Тбилисидеги медициналык окуу жайда билим алат.

3. Мишель Лакруа – Кевин Де Брёйненин жубайы

Бельгиялык футболчу Кевин Де Брёйне 2017-жылдын июнь айында Мишель Лакруага үйлөнгөн. Лакруа жеңил атлетика менен алектенип, 19 жашында "Нобы" тасмасына тартылган. Кийинчерээк жарнамалык агенттикте иштеген. Түгөйлөрдүн учурда үч баласы бар.

4. Бендетта – Риккардо Калафьоринин сүйлөшкөн кызы

Чет элдик маалымат каражаттары италиялык футболчу бир жылдан ашык убакыттан бери Бенедетта менен кыз-жигит мамиледе жүргөнүн жазышууда. Алардын колунун манжаларында окшош "Koi No Yokan", жапон тилинен которгондо "Бир көрүп сүйүү" деген татуировка бар.

5. Жозефин Хёйбьерг – Пьер-Эмиль Хёйбьергдин жубайы

2019-жылы даниялык футболчу Пьер-Эмиль Хёйбьерг сары чачтуу Жозефинге үйлөнгөн. Алар эки баланы тарбиялап келишет.

Жубайлардын биринчи үйлөнүү аземи жашыруун өтүп, жадакалса футболчунун апасы да билген эмес. Эки жылдан кийин, тактап айтканда, 2021-жылы Пьер-Эмиль менен Жозефин үлпөт салтанатын кайталашып, чоң масштабдагы той өткөрүшкөнү айтылат.

6. Роуз Бертрам – Килиан Мбаппенин сүйлөшкөн кызы

Чет элдик маалымат каражаттарында франциялык футболчу Килиан Мбаппе учурда бельгиялык модель Роуз Бертрам менен кыз-жигит мамиледе экенин жазышууда. Бертрам моделдик тармакта абдан белгилүү, ал ири дүйнөлүк бренддердин жарнамаларына түшүп келет. Мбаппе да, Бертрам да жеке мамилелери боюнча интернетке жарыялашкан эмес.

7. Лаура Селия Валк – Жуд Беллингемдин сүйлөшкөн кызы

Ушул жылдын апрель айында англиялык футболчу Жуд Беллингем голландиялык модель Лаура Селия Валк менен жакын мамиледе болгону белгилүү болгон. Лаура Селия Валк футболчудан 5 жаш улуу. Модель көп учурда Жуд катышкан матчтарга барат. Ал үчүн дайыма ВИП орундук даярдалары айтылат.

8. Сэнди – Кристов Баумгартнердин сүлөшкөн кызы

Австриялык футболчу Кристоф Баумгартнер бир нече жылдан бери Сэнди аттуу кыз менен жакын мамиледе. Күйөрмандары түгөйлөрдүн баш кошуусуна убакыт жетти деп эсептешет. Кристоф менен Сэнди социалдык тармактагы баракчаларына чогуу саякаттоодо түшкөн сүрөттөрүн жарыялап турушат.

Белгилей кетсек, Германия курама командасынын футболчуларына "Евро-2024" чемпиондугу аяктаганга чейин аялы жана сүйлөшкөн кызын чакырууга тыюу салынган.

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Юлиан Нагельсманн аялдары жана сүйлөшкөн кыздары менен жолугушуулар футболчуларды беттешке даярдануудан алаксытат деген жүйөнү келтирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан