Вице-мэр Ала-Арча суусунда балык кармаган видео боюнча түшүндүрмө берди

Бишкектин мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев Ала-Арча суусунда балык кармаган видео боюнча түшүндүрмө берди.

Айтымында, аталган иш экологиялык акциянын алкагында ишке ашкан.

"Бул каналдагы суу Ала-Арчадан түшкөн кезде таптаза болот. Анан таштандыларды ыргытылып жатып таштандынын аралчасына айланып калган эле. Айбек Жанышбековдун (Жунушалиев) тапшырмасы менен тазаланды. Андан соң бул сууга балык коё берип көрүү идеясы келди. Анткени бул жердеги суунун тазалыгын, анда балык жашай ала тургандыгын көрсөтүп текшерүү керек болду", - деген вице-мэр.

Ырсалиев каналды таштандыдан тазалоо жумуштары улантыла турганын кошумчалаган.

05.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан