Кечээ, 7-июль күнү Уругвайдын Трейнта-и-Трес шаарындагы карылар үйүнөн чыккан өрттөн кеминде он адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, өрттүн себеби азырынча белгисиз. Борбору Монтевидеодон 250 чакырым алыстыкта жайгашкан, 25 миңдей калкы бар Трейнта-и-Трес шаарынын бийлиги үч күндүк аза күтүү жарыялаганы маалымдалат.
"Окуя жекшемби күнү таң эрте болуп, андан 8 аял, 2 эркек көз жумду", - деп жазылат анда.