Жапаров Орусияга иш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-10-июль күндөрү иш сапар менен Орусиянын Екатеринбург жана Красноярск шаарларына барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Жапаров Екатеринбургда Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бирге «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону» темасында ИННОПРОМ-2024 негизги стратегиялык сессиясына катышуусу күтүлүүдө.

Ал эми Красноярк шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Орусия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна жана Кыргызстан-Орусия региондор аралык 11-конференциясына катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан