Макрон Атталдын кызматтан кетүү өтүнүчүн кабыл алган жок

Франциянын президенти Эммануэль Макрон премьер-министр Габриэль Атталдын кызматтан кетүү өтүнүчүн кабыл алган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Макрон андан өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоо үчүн кызматта убактылуу калуусун өтүнгөн. Ал муну Францияда бир нече аптадан кийин жайкы Олимпиада оюндары башталышы менен түшүндүргөн.

Буга чейин Атталь 7-июлда өткөн парламенттик шайлоонун экинчи турунда бийликтин партиясы көпчүлүк орунду ала албай калгандан кийин кызматтан кетүү өтүнүчү менен президентке кайрыларын айткан. Шайлоодо Макрондун "Бирге" коалициясы 168 мандат менен экинчи орунду алып калган. Ал эми солчулдардын "Жаңы элдик фронт" коалициясы 182 мандатка ээ болуп биринчини алса, Марин Ле Пен менен Жордан Барделла башында турган ашкере оңчул "Улуттук биригүүсү" 143 мандат алып, үчүнчү орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан