Дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын рейтингинде Бишкек канчанчы орунда?

Бишкек шаары дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын рейтингинде 197-орунда турат. Бул тууралуу Numbeo аналитикалык агенттигинин рейтингинде көрсөтүлөт.

Изилдөө кызматы 2024-жылдын биринчи жарымына карата шаарлардагы турак жайдын ижара акысын, тамак-аштын жана ресторандагы бааларды караган.

Бардык өлкөлөрдөн 218 шаарды камтыган дүйнөнүн эң кымбат шаарларынын рейтинги жаңыланып, Бишкек шаары 197-орунда турары белгилүү болду.

Рейтингдин сап башына Женева, Цюрих жана Нью-Йорк шаарлары чыккан.

Алдыңкы ТОП 20га АКШнын 12 шаары кирген. Ал эми Лондон 13-орун, Сингапур шаары 18-орунда турат.

Борбор Азияда Алматы менен Астана эң кымбат шаар деп табылып, 164 жана 176-орундарды ээлеген. Ташкент шаары 201-орунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан