"Кийимибиздин баарын чачты". Абактагы журналисттер камераларында тинтүү болгонун айтты

Бүгүн, 9-июлда Temirov Live долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча Ленин райондук сотунда отурум уланды.

Анда түшкө чейин айыпталуучулардын ичинен Махабат Тажыбек кызы, Актилек Капаров, Сапар Акунбеков, Тыныстан Асыпбеков жана Айке Бейшекеева көрсөтмө берди.

Журналист Актилек Капаров көрсөтмө берип жатып төрт журналисттин камералары тинтилип, кийимдери алынган факты тууралуу буларга токтолду:

"Ак ийилет, бирок сынбайт” деген жазуусу бар футболкаларды 5-июлдагы соттук отурумга кийип келгенбиз. Отурумдан соң камерабызга абактын 7-8 кызматкери келип, тинтүү жүргүзүштү. Кийимибиздин баарын чачты, футболканы издеп жатышыптыр. Бирок издеп таппай коюшту. Анткени кире бериш жакта ал футболканы мен кийип тургам. Жаныма келишип "эмне кийип алгансың, чеч. Чечпесең баары бир күч менен тартып алабыз" дешти. Чечип берүүгө туура келди. Эмнеге мындай кылышканын түшүндүргөн жок. Бирок бул жогору жактагылардын аракети экенин билип эле турдум.

Андан көп өтпөй өздөрүнүн бөлмөсүнө чакырып, футболканы ким бергенин, эмнеге кийгенимди сурашты. Кыргыз макалы менен жазылган кийимди Кыргызстандан кийбесем кайдан кийишим керек? Японияданбы? Муну моралдык кысым гана эмес тоноо деп эсептейм", - деди ал.

Белгилей кетсек, “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун негиздөөчүсү Болот Темиров абактагы төрт журналисттин камераларында тинтүү болгонун, анда тергөө абагынын кызматкерлери журналисттердин “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген жазуусу бар футболкаларын алып коюшканын 8-июлда Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан. Ал эми мамлекеттик Жаза аткаруу кызматы бул боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан