ЭЛДИК КАБАРга жооп:  "Газ ташуучу вагондор жетишсиз". Автогаз таңкыстыгы дале бар экени айтылды

Бүгүн, 9-июлда Бишкек шаарынын тургуну таксист Токтобек Бапышов SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө борбордогу май куюучу жайларда автогаз жетишсиз болуп жатканын айтып кайрылды.

Анда ал он күндөн бери борбордун жана аймактардын май куюучу жайларында автогаз тартыш болгонун, айрым айдоочулар газы жок жолдо калып жатканын айткан.

Бул боюнча "Кыргызнефтетрейдерлер" ассоциациясынын президенти Канат Эшатовго кайрылганыбызда, аталган маселеге газ ташуучу вагондордун жетишсиздиги негиз болгонун билдирди.

"Ооба, өлкөдө автогаз тартыштыгы бар. Муну биз эки жумадан бери айтып келе жатабыз. Орусиядан ташылган газ ташуучу вагондордун жетишсиздигинен улам ушинтип үзгүлтүккө учурап, маселе жаралууда. Ошондуктан айрым май куюучу жайларда газ жок болуп жатат.

Ал эми ири компаниялардын май куюучу жайларында автогаз бар, борбордо жайгашпаган чакан жана жеке ишкерлердин май куюучу жайларында жок. Анткени ири компаниялар өздөрүнүн май куюучу жайларын камсыз кылуу менен алек", - деди Эшатов.

Ошондой эле ал айдоочулар ири компаниялардын май куюучу жайларынан автогаз толтуруп алса болорун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан