Бажы кызматына айрым кылмыштар боюнча тергөө жүргүзүү укугу берилди

Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, өлкө башчы Садыр Жапаров “Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилет. Тагыраагы, бажы органдарына Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде (Экономикалык контрабанда), 241-беренесинде (Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу), 285-беренесинде (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы) көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча тергөө жүргүзүүгө ыйгарым укук берилет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 5-июнда кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан