Ооруканада каза болгон 25 жаштагы келиндин өлүмү боюнча иликтөө башталды

Бишкек шаарында ооруканалардын биринде 25 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка караганда, 7-июлда 25 жаштагы келин оор абалда ооруканага түшүп, өзүнө келбей каза болгон. Окуя болгон жерге Ленин районунун ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу барган.

"Денени сырттан кароодо эч кандай сырткы жаракаттар табылган эмес, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгында 1998-жылы туулган М.А. аттуу жаранга "Галидорго уулануу, өз жанын кыюу. Жүрөк-кан тамырынын курч жетишсиздиги" деген алгачкы корутунду берилген.

Андан ары бул фактыны тактоо үчүн Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген", - деп билдирди аталган башкармалыктан.

Келиндин жакындары милицияга арыз менен кайрылып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Тараптардын бардык жүйөлөрү эске алынып, объективдүү иликтөө жүргүзүлөрү кошумчаланды.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан