Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйыны тар курамда башталды

Орусиянын Красноярск шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык маселелер боюнча Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынынын тар курамдагы жолугушуусу башталды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Александр Оверчуктун төрагалыгы астында өтүүдө.

Жолугушууда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграцияны тереңдетүү, илим, билим, маданият, туризм жана башка тармактарда кызматташуу маселелери каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан