Бишкек шаардык соту Адахан Мадумаровго чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды  

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.

Анын жактоочусу Сейитбек Довлатов билдиргендей, Мадумаров Жогорку сотко апелляциялык арызы менен кайрылат.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелдеги жыйынында Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

26-мартта Биринчи май райондук сотунда ага карата өкүм чыккан.

Чечимге ылайык, ал коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган эмес. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.

Мадумаров райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанган эмес жана 26-апрелге караган түнү эркиндикке чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан