Чүйдө 35 миллион сомдук бала бакча мамлекетке алынды

Чүй облусуна караштуу Шопоков шаарындагы бала бакча мамлекетке кайтарылганын бүгүн, 11-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 1998-жылы Сокулук районундагы Шопоков шаарында жайгашкан бала бакча жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.

"Жалпы аянты 0,70 гектар жана колдонуу аянты 372,1 чарчы метрди түзгөн мектепке чейинки билим берүү мекемеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Мүлктүн баасы 35 миллион сомго жакын сумманы түзөт", - деп айтылат маалыматта.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштер улантылып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан