Жайлоодон кош бойлуу келин тик учак менен Бишкекке алып келинди

Жалал-Абаддагы жайлоодон 28 жаштагы кош бойлуу келин борборго тик учак менен алып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-июль күнү саат 22:20 чамасында Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Отуз-Ат жайлоосунда А. кызы Н. аттуу келиндин абалы начарлап, тик учак сурап кайрылышкан.

Анткени жайлоого барчу унаа жолу жок болуп, тез арада келинге медициналык жардам көрсөтүлүшү керек болгон.

"ӨКМден тик учак бөлүнүп, кызматкерлер Бишкектен саат 6:00дө аталган аймакка дарыгерлер менен биргеликте учуп кетишкен. Алар келинге алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, 10:00дө борборго учуп келишкен", - деп жазылат анда.

Келин шаардагы төрөт үйлөрүнүн бирине жаткырылганы кабарланды.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан