Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 11-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаевди тааныштырды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров Сыргабаевге жаңы кызматында ийгиликтерди жаратуусун каалап, мамлекеттик органга жүктөлгөн бир катар милдеттерге токтолуп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен жол инфраструктурасын өнүктүрүү, жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өкмөт башчы Ош-Бишкек жолун реконструкциялоо иштерин тез арада ишке ашырууну, ошондой эле быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Түндүк-Түштүк унаа жолун ачуу зарылдыгын белгиледи.
Иш-чарага экс-министр, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев да катышты. Жапаров ага да жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, пезидент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абаддагы өкүлү менен транспорт министринин ордун алмаштырды.