Атайын полктун кызматкерлери эс-учун жоготкон келинге жардам көрсөтүштү

Кечээ, 11-июль күнү Ысык-Көлдө эс-учун жоготкон жаранга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облуста жайгашкан “Аврора” эс алуу жайында кайгуул кызматын өтөп жаткан атайын багыттагы полктун кызматкерлери милициянын прапорщиги М.Жолдошбек уулу, милициянын прапорщиги С.Маанапбек уулу, милициянын старшинасы М.Осмонов жана милициянын сержанты Т.Насиров коомдук тартипти камсыздоо учурунда адам өмүрүн сактап калышты.

Аталган кызматкерлер көл жээгинде эс алып жүргөн жарандын жүрөк оорусу кармап, эс-учун жоготконун көрүшкөн. Тез арада ага биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, андан соң эс алуучу жайдын медициналык пунктуна алып барышкан.

"Эс-учун жоготкон айым Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган тургуну экендиги аныкталган. Анын кан басымы жогорулап, өзүн жаман сезип кулап калгандыгы белгилүү болду", - деп жазылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан