Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенко айылында “Ас-Салам” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан курулган ФАП, мечит, медресе, ошондой эле пластик терезелерин чыгарган цех, мебель жана тигүү цехинин ачылышы болду.
Иш-чарага коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчилиги, Ак-Суу райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.
Курулуш иштери 2023-жылы башталып, жалпы 25 миллион сомдук долбоордун 23 миллион сомун коомдук фонд, калганын жергиликтүү бийлик каржылаган.