Орусия WhatsApp'ка тыюу салууну карап жатат

Орусияда WhatsApp колдонуучулары мессенджердин ишинин жайлаганын байкашкан. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик Дума Орусиянын айрым аймактарында WhatsApp мессенджеринин ишинин атайылап басаңдатылганын ырастады.

"WhatsApp'та жайлатуу сыяктуу технологиялык чаралар колдонулуп жатат. Ал эми кийинки кадам бөгөт коюу болушу мүмкүн. Азырынча мындай чечим кабыл алына элек", - деген депутат жана Мамлекеттик Думанын маалымат саясаты боюнча комитетинин мүчөсү Антон Немкин.

Ал кошумчалагандай, WhatsApp жетекчилигине "экстремисттик акцияларга катышуу чакырыктарынын жайылышын токтотуу боюнча" бир нече жолу талаптар жөнөтүлгөн. Бирок, эч кандай жооп келген эмес.

Белгилей кетсек, WhatsApp мессенджери Meta компаниясына таандык, анын ишмердүүлүгү Украинада согуш башталгандан кийин орус бийлиги тарабынан экстремисттик деп табылып, тыюу салынган.

WhatsApp Орусияда популярдуу интернет-платформалардын арасында төртүнчү орунду ээлеп (96 миллион колдонуучу), орусиялык Яндекс (айына 100,2 миллион адам), Google (99,6 миллион) жана YouTube'дан (96,5 миллион) кийин турат. Бешинчи жана алтынчы орундарды VK жана Telegram платформалары ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан