Ошто сел агызып кеткен 7 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандан табылды

Ошто сел агызып кеткен бир кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан 7 жаштагы Н.С. аттуу кыздын жансыз денеси Өзбекстандын Андижан шаарындагы Шахрихонсой сайынан табылды.

Кыздын сөөгү "Достук" чек ара постунан кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.

Учурда селге агып кеткен 2 аял киши жана 2 кичинекей кыз изделүүдө.

ӨКМ буга чейин Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызып кеткенин, анда 44 жаштагы Д.Н. аттуу келин жана анын 19, 10 жана 6 жаштагы кыздары изделип жатканын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан